www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн сайын тажик-ооган чек арасынан 500-600 ооганстандык жаран өтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) коопсуздук күчтөрүнүн жана чалгын кызматтарынын башчыларынын жыйынында Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов билдирди. Тажикстан УКМК башчысы тажик-ооган чек арасындагы абалды "кайсы бир деңгээлде оор" деп атады.

"Өзгөчө акыркы эки айдан бери Ооганстандан Тажикстанга өтүп кетүүнү каалаган кишилердин кысымын байкап жатабыз. Качкындардын саны 15 миңден ашты", - деди Ятимов. Ал "өлкө суткасына 24 саат даярдыкта болуу тартибинде турганын" да белгиледи.

Орусия президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушуу учурунда Ирак менен Сириянын аймагындагы террорчулар Ооганстанга өтүп баратканын айтты. "Ошондуктан террорчулар чектеш мамлекеттерде, анын ичинде КМШдагы абалды туруксуздаштырып, түз экспансиянын башталышына чейин аракет жасашы мүмкүн", - деди Путин.

Ал ооган чек арасындагы абалга дайым мониторинг жүргүзүп, жоочуларга каршы даярдыкта болуп, биргелешкен атайын операцияларды өткөрүү зарыл экенин айтты. Путин КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын негизги тапшырмаларынын бири - Ооганстандан болгон потенциалдуу коркунучтарды жок кылуу экенин белгиледи.

15-августта талибдер Кабулду басып алып, Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялаган. Сентябрда өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн курамы аныкталып, анын башчылыгына 2001-жылдан бери БУУнун санкциясы алдында болгон Мухаммад Хасан Ахунд бекитилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости