www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте шаардык унаа тейлөөсүнүн абалы көлөмү жагынан да, сапаты жагынан да тийиштүү деңгээлде болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда, мэриянын расмий сайтына жарыяланган маалыматта айтылат. Шаар башкармалыгы белгилегендей, жүргүнчү ташыган коомдук унаанын 85% жеке компанияларга таандык. Муниципалдык транспорттун эскилиги жетип, каржылануусу начар болууда, маянасы аздыгынан айдоочулар жетишсиз.

Мэрия 150 электробус жана газ менен жүрүүчү 250 автобус сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганын, экологиялык таза транспорт менен камсыз кылуу, тейлөө сапатын жакшыртуу, электрондук билет системасын киргизүү аракети да улантылып жатканын кошумчалады.

Быйыл июнда Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобус айдоочулары иш таштап, бир жумадан ашуун убакыт бою тейлөөсүн токтоткон. Алар жол кирени көбөйтүүнү талап кылышкан. 1-ноябрдан тартып борбор калаада жол акысы жогорулайт. Азыр сегиз сомдон төлөнүп жаткан троллейбус-автобустарда жол кире 11 сом, кичи автобустарда азыркы 10 сомдун ордуна 15 сом болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости