www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Centerra Gold «Кумтөрдү» Кыргызстанга өткөрүп берүүгө даяр

Centerra Gold корпорациясы «Кумтөрдү» Кыргызстанга өткөрүп берүүгө даяр. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров билдирет.

Анын айтымында, Centerra Gold Женева шаарында өткөн сүйлөшүүдө Кыргызстанга бир шарт койгон. Анда ал өлкөнүн кендеги үлүшүнөн баш тартуусун талап кылган. Учурда «Кумтөр» боюнча соттук иштер уланууда.

Швейцариядагы сүйлөшүү Centerra Gold компаниясынын жетекчисинин сунушу менен өткөн. Ага Кыргызстандан Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Теңгиз Бөлтүрүк катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости