www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Билл Клинтон Калифорниядагы оорукана түштү. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Энжел Урена 14-октябрда Твиттерге жазды.

Ал 75 жаштагы Клинтон 12-октябрда бейтапканага жеткирилгенин билдирип, мурдагы президенттин оорусунун так чоо-жайын айткан жок. «Анын абалы оңолуп келатат, маанайы жакшы», - деди Урена.

Ал Твиттерге Клинтондун дарыгеринин билдирүүсүн кошо жарыялады. Анда эки күндүк дарылоо курсунан кийин мурдагы президенттин организми антибиотиктерге оң реакция көрсөтүп жатканы белгиленген. CNN телеканалы Билл Клинтон алы кеткени үчүн ооруканага жеткирилгенин, андан сепсис аныкталганын маалымдады.

Билл Клинтон Американын 42-президенти. Ал өлкөнү 1993-жылдан 2001-жылга чейин башкарган. Мурдагы президент 2004-жылы жана 2010-жылы жүрөк оорусуна байланыштуу эки жолу операция болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости