www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ кечтен тарта Грузия мамлекетинин борбору Тбилиси шаарынын борбордук аянтында Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин мекенине кайтып келгенде учурдагы грузин бийлиги тарабынан камакка алынганына каршылар митинге чыкты.

Аянтка чыккандар - Тбилиси шаарынын тургундарынан тышкары республиканын ар башка жерлеринен келген өлкө жарандары экени айтылат. Митингде Саакашвилинин грузин элине болгон кайрылуусу жана чакырыгы окулду. Ал кайрылууда мурдагы президент Грузия мамлекетинин бүтүндүгү жана элин бир муштумдай биригүүгө чакырган.

«Биз, өлкөбүздө жашап жаткандар эле эмес, чет жакта жүргөндүрүбүз да, баарыбыз биригишибиз керек! Абакта ар кандай саясий себептер менен камалып отургандар дагы. Азыр партия-партияга же башка себептер менен бөлүнө турган учур эмес. Таразада Грузия мамлекетинин тагдыры турат. Аны сактап калуу биздин биримдигибизде...” деп айтылат анын кайрылуусунда.

Саакашвили, ошондой эле, жергиликтүү кеңешке болгон шайлоонун өткөрүлө турган экинчи айлампасында, 30-октябрда, бардык шайлоочуларды оппозициялык маанайдайгы “Улуттук кыймыл” партиясына добуш берүүгө да үндөгүнү айтылды. Эске сала кетсек, Саакашвили өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин, 2013-жылы, өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага ар кандай кылмыш иштери козголуп, алардын бири боюнча сыртынан 6 жылга эркинен ажыратылган.

Аны Саакашвили саясий куугунтук катары баалаган. Грузияга ал ушул айдын башында, жергиликтүү шайлоонун алдында келген. Көп өтпөй социалдык түйүндөр аркылуу ар кандай өңүттөгү видео-кайрылуулар менен коомчулукка кайрылганы бар.

Айтмакчы, Саакашвилиге боштондук талап кылып чыккан кечээки кечки митингге 70-80 миңге жакын киши борбордук аянтка чогулганын «Грузия-Онлайн» маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетчү нерсе, мынчалык көп сандагы адамдардын катышуусундагы митинг Грузияда акыркы 10 жыл ичинде болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости