www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинде алмашууларга күбө болдук. 12-октябрда анын төрагасы Улукбек Марипов кызматтан кетип, ордуна экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров келди. Бул кадр алмашуудан кандай жыйынтык күтсөк болот?

- Ооба, Мариповдун ордуна Акылбек Жапаров аппарат жетекчиси да, премьер-министр да болооpy мурда эле болжолдонгон. Аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчылык кызматына орун которду. Бул бийлик алмашуулар туура эле жүрүп жатат.

Акылбек Жапаров өзү кризис-менеджер, экономист, Кумтөр менен болуп жаткан окуяда өзүн кризис-менеджер экенин көрсөттү. Азыр бардык жакта абал курчуп, баа көтөрүлуп жатканда, кризис-менеджер керек. Акылбек Жапаров туура эле келди. Сүйүнбек Касмамбетов идеологияны башкарат. Бул дагы туура тандоо. Бийлик адекваттуу, туура аракеттер кылууда.

- «Акылбек Жапаровдон башка кадрлар жокпу?» деп эл нааразы го...

- Сын пикир аябай көп. Бирок ал экономика жагынан кризис-менеджер катары күчтүү адис. Азыр мен башканы айта албайм. Акылбек Жапаровдун маселени чечип берээрине ишенем. Кумтөрдө деле анын жардамы оң болду. Азыркы убакта ушундай адамдар керек. Бийликти эл Кумтөр үчүн да колдоп жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости