www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда жол кырсыгынан каза болгон аскерлердин саны отуздан ашты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы Түркмөнстандын коргоо министрлигиндеги ишенимдүү булагына таянып, маалымат таратты.

Өтө көп сандагы аскерлер менен офицерлер ири жол кырсыгынан каза болгону маалыматта көрсөтүлгөн. Анда буга чейин кабарлангандай, 18 аскер эмес, жол кырсыгынын курмандыктары 30 кишижен ашканын «Азаттыктын» түркмөн кызматынын булагы ырастаган.

Маалыматта жол кырсыгы аскер адамдары отурган 10 КамАЗ колонна менен Бекревин гарнизонун көздөй баратканда болгон.

Аскерлер Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу аскердик парадга даярданып жаткан. Жол кырсыгы 18-июлда аскер колоннасы Курман айтка карата майрамдык сыйапаттан кайтып келе жатканда Бекревинде болгон.

Аскерлер «Элдик эс тутум» деген комплексте тамактанып, түштөн кийин кайрадан аскер бөлүгүнө кайткан. Аскер колоннасы дөңсөөдөн ылдый түшүп баратканда айдоочулардын бири рулду башкара албай чоң ылдамдык менен алдыда бараткан КамАЗды сүзүп, ал жолдон чыгып кеткен. Ал эми рулду башкара албай калган айдоочунун машинасы бир нече ирет аласалган. Анын кесепетинен эки КамАЗда отурган аскерлердин бардыгы жабыркаган.

Түркмөнстандын коргоо министрлигине жакын башка бир булактар да маалыматты ырастады. Аласалып кеткен эки автоунаадан каза болгондордун саны отуздан ашып, дагы 20 чакты жоокер оор жаракат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Ири жол кырсыгы болгон Бекревин көчөсү азыркы учурга чейин жабык турганы маалымдалды.

Күбөлөрдүн айтымында, үрөй учурган жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында жоокерлерден сырткары 3 офицер да болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости