www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автоунаалардын катализаторлорун мыйзамсыз чет өлкөгө чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

18-июлда УКМКнын өкүлдөрү жана бажы кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Манас» аэропортунан Европага унаа катализаторлорун мыйзамсыз алып кетүүгө аракеттенген жарандарды кармашкан. Европада катализаторлордон баалуу металлдар (платина, палладий, родий) алынмак. Колго түшкөн контрабанданын салмагы 1 тоннадан ашкан.

УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин дагы унаалардын катализаторлорун мыйзамсыз сатып алып, аларды Европа өлкөлөрүнө чыгарып кетүү аракеттерине бөгөт коюлганын эске салды.

Тактап айтканда, ушул жылы 23-февралда салмагы 2 тоннаны түзгөн унаа катализаторлорун Литвага чыгарып кетүүгө аракеттенген адамдар кармалган.

Андан тышкары ушул жылы 9-апрелде Бишкек шаарында унаа катализаторлорун сатып алган 12 жайдын ишине бөгөт коюлган. Ал жакта чет өлкөгө жөнөтүүгө даярдалган унаа катализаторлору табылган.

УКМК унааларды милдетүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү мыйзамы жокко чыгарылгандан кийин унаа оңдоочу жайларда катализаторлорду чечип алып, үчүнчү жакка сатып жиберишкен учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

«Катализаторлордо баалуу металлдар бар, аларды Европада сатып, олуттуу киреше тапса болот. Бирок катализатору жок унаалар айлана-чөйрөгө жана адам баласынын ден соолугуна коркунучтуу», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле УКМК учурда тиешелүү мамлекеттик органдар унаа катализаторлорун сатып алууга жана аларды чет өлкөгө ташууга тыюу салуу маселесин карап жатышканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости