www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-июлда Жайнагүл Турдиева NazarNews маалымат агенттиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигине Кайрылуу жолдоду.

«Менин сизге кайрылуумдун себеби, бир канча жылдан бери Алишова Гүлжан аттуу аял менен соттошуп келем. Алишова Гүлжан мага жер алып берем деп, 16, 000 (он алты миң) АКШ долларын алып, жерден жок же акчадан жок ушул күнгө чейин алдап жүрөт. Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, азыр Кара-Суу райондук сотунда каралып жатат. 5-июль 2021-жылы Кара-Суу райондук сотунда соттук кароо болду, имараттын сыртына чыкканда эле соттолуучу Алишова Гүлжан мас аялдарды жана обончулар деп аталган, акчага жалданып көчөгө чыккан бир нече аялдарды чогултуп алып, «Турдиеваны коргобо» деп, менин жактоочум Медетова Динарага 15ке чукул адам кол салышты. Натыйжада, анын колу сынып, денесине жаракат келтирилди.

Бул факт боюнча ошол эле куну Кара-Суу РИИБине арыз менен кайрылдык. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык «анча оор эмес дене жаракат алган» деп чыкты. Тилекке каршы, жөнөкөй адам эмес адвокатка адамдардын тобу кол салып жатышса тергөө тарабынан тиешелүү аракеттер жүргүзүлбөй жатат. Аталган адамдар Ош облусу боюнча уюшуп алышып, акчага жалгандан күбө болушуп, сотторго, тергөөгө барышат, митингдер болгондо акчага көчөгө чыгып, кыйкыр десе кыйкырып, бирөөнү ур тепкиге алгыла десе ошону кылышат. Бул адамдарга Ош облусу боюнча эч кимдин алы жетпейт.

Тергөөчүлөр дагы булардан коркуп эч нерсе кыла албай жатышат. Жогорудагылардын негизинде Кара-Суу РИИБинде каралып жаткан адвокат Медетова Динаранын арызы боюнча кол салган адамдарды камакка алууну тергөөчүлөргө тапшырууңузду суранам», - деп айтылат Турдиеванын кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости