www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли Америкага да, Россияга чөгөлөп кошомат кылбай, өзүнүн көз каранды эмес, эркин саясатын жүргүзүп, бирок алар менен да эки тараптуу кызматташтыгын үзбөй жүргүзүп келет. Мындай пикирин экс-акыйкатчы Турсунбек Акун NazarNews маалымат агенеттигине билдирди.

"Жакында Украинанын Президенттик офисинин башчысынын мурдагы кеңешчиси Господин Алексей Арестович Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго кайрылып, анын 9-май жеңиш күнүнө карата Москва шаарына барбоосун талап кылган кайрылуусун кетирген.

Мына ошого байланыштуу Кыргызстандын эгемендүүлүгү жана көз карансыздыгы үчүн күрөшүп чыккан алгачкы демократтардын бири, укук коргоочу катары төмөндөгүдөй оюмду билдирем.

Господин Арестович!

Кыргыз эли кылымдардан бери эч кимге тизе бүкпөгөн, эркиндикти сүйө билген, бирөөлөргө коркуп баш ийбеген тоолук, намыстуу эл. Буга далил катары элди укпаган эки Президентти башка өлкөлөргө кубалап, бирөөсүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиргени дүйнөлүк коомчулукка маалым.

Кыргыз эли Америкага да, Россияга чөгөлөп кошомат кылбай, өзүнүн көз каранды эмес, эркин саясатын жүргүзүп, бирок алар менен да эки тараптуу кызматташтыгын үзбөй жүргүзүп келет.

Эгерде башка өлкөнүн Президенттери кандайдыр-бир себептер менен Кыргызстандын ички ишине кийлигишсе же кыргыз элине карата керкейгендик түр көрсөтсө, аларга татыктуу жооп берилип, чек араларды жаап, эки жактуу кызматташууну убактылуу токтотуп салган күндөрүбүз да болгон.

Ошондуктан господин Арестович, биздин өлкө тууралуу 1991-жылы Россиядан Кыргызстанга келген Демократиялык уюмдардын өкүлдөрү “Кыргызстан - Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы”-деген баа беришкенин эсиңизге салып койууну туура көрдүм.

Кыргыз элине акыл айтуунун, кыйынсынуунун ордуна Украинадагы тутанган согушту кантип токтотуу жагын ойлонсоңор жакшы болмок.

Кыргыз мамлекети болсо ким менен байланыш кылаарын, кайсыл өлкө менен алака түзөөрүн, кайда бараарын же барбасын эч кимден сурабай, өз алдынча чечээрин эскертип коёюн.

Мындан тышкары кыргыз элинин “Эчки тууй албай жатып, койго сынтагат” -деген элдик макалын эсине салып койууну чечтим", - деди Турсунбек Акун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости