www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалыматтык агенттиги кечээ жакында өткөн курултайдын уюштуруучуларынын бири Турсунбек Акун менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
-Турсунбек мырза, “Кыргызстан: кечээ, бүгүн эртең” деген аталыштагы курултай максатына жеттиби?
-Албетте, максатына жетти. Баштагы курултайлар монолог түрүндө болуп, күйүп-бышып, өз чындыгыбызды айтып, бийликке талаптарды коюп, резолюциябызды кабыл алып эле кетип калсак, азыркы курултай диолог түрүндө болду. Бийликтен да, оппозициядан да адамдар келди. Бир көз караштагы эмес, ар башка көз караштагы адамдар ой бөлүштү. Сунушун айтты, суроосун берди. Кудай буюруп, курултайды мыйзамдаштырып, Конституцияга киргизип алсак, президенттер качпай, жоопкерчилигин сезип, революция болбой калат эле.
-Айтканыңызга ынаналы, бул курултайдын баштагы курултайлардан айырмасы болдубу?
-Айырмасы болмок тургай 28 жыл мурун биринчи жолу өткөн, КДКнын курултайы менен үндөшүп кетти. Маселен, ал жылдары союз тарап, эркиндиктин демин сезип турган мезгилде чоң жыйын курганбыз. Шеримкулов да эл менен кошо катышкан. Адам укугу, сөз эркиндиги, демократия тууралуу ой бөлүшкөнбүз. Азыркы курултайды ошол курултайга салыштырдым. Азыр эл авторитардык режимден бошоп, саясий капкандардан чыга баштады. Айдоочу, жансакчы башкарган заман өттү. Адилеттик орной баштады. Баягыдай саясатчылар, журналисттер жок жерден доого жыгылып, камалбай калды. Мурдагы бийликтин тушунда камалганы да акырындык менен чыгып, эркиндиктин демин сезе башташты. Туура эмес чечим чыгарган, буйрук аткарган соттор туура эмес чечими үчүн жоопко тартыла баштады. Баарынан жоопкерчилик жогору тура баштады.
-Кечээги өткөн курултай 28-жыл мурда өткөн курултайга үндөшүп турду дегениңиз менен Атамбаевден өч алгысы келгендер уюштурду, бир жактуулукка жол берилди деп доомат койгондор да четтен чыга баштады го?
-Мен андай дооматка макул эмесмин. Анткени, биз Атамбаевдерди чакырбай тымызын өткөрүп, ага каршы чечим кабыл алган жокпуз. Атамбаевди баш кылып, Мискенбаевди төш кылып чакырдык. Алар келээрин айтып, КСДПга 30 мандат бергиле дешкен экен. Келет деп турсак, курултай болооруна саналуу күндөр калганда катышпай турганын айтырышыптыр. Сыягы, көчүктөрүндөгү калбырларынан кооптонушту окшойт.
Өздөрү келбей коюшуп алып, эми бир жактуу каралап, ойго келбеген дооматтарды коюп жатышат.
Негизи биз курултайга келген делегаттардын баарынын пикирин сыйладык. Курултайдын аянтчасын кызганган жокпуз. Нурбек Токтакуновго да сөз бердик. Атамбаев өзү келсе деле сөз бермекпиз.
Алар доомат койгондой бийликке жан тарткан жокпуз. Оппозицияга да тарткан жокпуз. Калыс болууга аракет кылдык. Бийликтин өкмөттүк эмес уюмдар менен, бизнесмендер менен да жолугушуусун эске алып, элге жакын бийлик болуп жатат деп кызматташууга чакырдык.
-Бийликтен көзү катып, бийликке жетпей калгандар соодалашуу максатында ушул курултайды өткөрүп жатат деген да доомат койгондор бар го...
-Эми элдин оозунда элек жок. Бирок, биз кызмат сурайлы, эптеп соодалашып калалы деп курултай өткөрүп жатканыбыз жок. Тескерисинче, бийлик элге кызмат кылгыдай абалга алып келели, Бийлик жыл сайын отчёт бере турган кылалы деп жан талышып жатабыз. Бизге кызмат маанилүү болсо, курултай өткөрбөй туруп эле кызмат сурап алат болчук. Бизди көрө албагандар ушундай сөздөрдү чыгарып, элди иренжитүүгө аракет кылып жатышат. Курултайдын башында турган эки жолку революцияда маанилүү орду бар Бекназаров кайсыл бийлик болсо да ачыгын айткан киши. Бакиевдерге Айдардай кылбай Максимиңди тый десе, Атамбаевге Райым Милионду бажынын башына алып келем дегениңди токтот деп эскертүү берген. Кеңешбек Дүйшөбаев деле кошомат кылса, чоң кызматтардын биринде жүрө бермек. Равшан Жээнбеков деле кошомат кылса, ал да бир кызматты аркаламак. Мен деле кошомат кылсам, Акыйкатчы болуп жүрө бермекмин. Бизде Атамбаевге жагалы деген ой болгон эмес. Ошон үчүн кайда иштесек да, өз чындыгыбызды айтып, бийликтин катачылыгын бетке айттык. Атамбаевдин айтканына көнбөдүк. Маселен, Атамбаев мага “Камчыбек Ташиев акылынан айнып калган” деп айтсын деген тапшырманы Данияр Нарымбаев аркылуу айттырган. Мен айткан эмесмин. Курултайды уюштурган адамдар кошоматчы, бийликтен көзү каткан адамдар эмес, кызматта турса да өз пикирлерин айта алган, ак сүйлөп, оюн ачык айткан адамдар. Биз эски муунду көргөн, курултайдын баркын билип калган адамдарбыз. Ошон үчүн курултайды мыйзам кабыл алдырып, конституцияга киргизип калалы деп жан талашып жатабыз. Кыска ойлуу адамдар түрдүү кептерди айтып, ыгы келбесе да бизди сындап, каралоо менен алек болуп жатышат.
Булак: NazarNews.kg