www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл арасында “Кыргызстанда Кытайдын жарандары көбөйүп кетти” деген сөзгө комментарий берди.
Ташиев бүгүн, 27-ноябрда Кемин шаарында жаңы төрөт үйүнүн имаратына мезгил кутусун салуу иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө кытай жарандары бийликтин көзөмөлүндө экенин айтты. Анын сөзүнө ылайык, Кытайдын жарандарына өлкөдө эки айдан бир жылга чейин эмгек визасы, ал эми туристтик виза 14 күнгө берилет. Камчыбек Ташиев визасы аяктагандарды тиешелүү мамлекеттик мекемелер өлкөдөн чыгарарын кошумчалады.
“Мамлекетибизде “кытайлар басып кетти, кытайлар талап-тоноп алды, кытайлар бардык жерди ээлеп алды” деген туура да, туура эмес да сындар айтылып жатат. Туура, Кытай мамлекетинен келген жарандар көбөйдү. Себеби өлкөдө чоң-чоң долбоорлор ишке ашып жатат. Башка мамлекеттер бизде да чоң проекттерди ишке ашырса болоруна, талап-тонолбой турганына ишенди”, - деди ал.