www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин ичиндеги жолдор жаңыртылып, кеңейтилип деле жатат. Бирок ошол эле учурда тыгын көйгөйү жоюлуп кеткен жок. Чындап келсе жолдо калган чиновниктер деле бар. Бирок, кимиси болбосун көйгөйдү ооз учунан гана билдирип келишет. Тагыраагы азырынча маселеге батыл киришип, жиптин түйүнүн чече алган эч ким чыга элек.

Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жолдо эки саат кармалып калган экен парламенттин 26-сентябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында, “тыгын эки эсе көбөйдү, 2 километр жерге жетиш үчүн 30 минута убакыт кете баштады” – деп өкмөттөн келген өкүлдөргө өкүлдөп алды.

Эми шаардыктардын жолго убакыт коротуп калганына көп эле болду го. Аны бир эмес миң айтканда деле маселе жакын арада чечилиши күмөн. Эмнеси болсо дагы депутаттын чоочугандай кебин, жаман айтпай жакшы жагына жоруй туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости