www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда эч кандай атышуу болгон эмес. Бул тууралуу жамбашка ок жеп, жабыркаган Төлөгөн Рахманберди уулу билдирди.

Көрсө, ал өзүнө-өзү ачуусу келип өзүнүн “пачагын” чыгарып салыптыр. Анын айтымында ал учурда дайыны чыкпай жөргөн мэрия кызматкери Кылычбек Саркабаев менен араздашуусу жок. Болгону ошол күнү Кылыч, Бекболот жана Төлөгөн үчөө бир унаанын ичинде отурганда Бекболот деген тапкыч кайдан-жайдан ким билсин тапанча таап алган имиш. Аны карап көрөйүн деген Төлөгөн кокусунан өзүнө ок чыгарып алып, ооруканага түшүп калыптыр.

Мына ушундай дагы болот экен. Ал эми бүтүндөй Кыргызстан Кылычбек Саркабаевди кылаарга иш жоктон улам жөн эле издеп жүрүптүр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости