www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын жарандарына карата колдонулуп жаткан визалык тартип боюнча түшүндүрмө таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, КЭР жарандарынын өлкөгө кирүүсү, өлкөдө болушу жана чыгып кетүүсү Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген жарактуу визанын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

ТИМ баса белгилегендей, чет өлкөлүк жарандар өздөрүнө берилген виза же башка уруксат берүүчү документ белгилеген мөөнөттөрдү так сактоого милдеттүү. Бул талап министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартиби жөнүндөгү жободо каралган.

Мындан тышкары, кыргыз визасын алуу үчүн сөзсүз түрдө Кыргызстанда катталган юридикалык тараптын расмий кайрылуусу талап кылынат. Мекеме ошондой эле Кыргызстан визалык саясатты либералдаштырууда «этабы менен жана тең салмактуу мамилени» кармана турганын, бул процессте улуттук кызыкчылыктар жана кыргыз жарандарынан чет өлкөлөр талап кылган визалык шарттардагы паритет принциби эске алынарын белгиледи.

Последние новости