www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Тышкы иштер министрлиги депутат Шайлообек Атазовдун 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы түшүнүксүз жана талаштуу билдирүүсунө жооп берди.

"Кызматка дайындалганга чейин КР Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкери соттуулугу жоктугун аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарында атайын текшерүүдөн өтөт. КРнын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн бардык кызматкерлери Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тиешелүү кесиптик даярдыктан өтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, депутат Ш.Атазов КР ТИМ тутумунун кайсы кызматкеринин соттуулугу бар экендиги тууралуу маалыматты министрликке тактап бере алган эмес.

"Эгерде депутат өзүндө бар болгон тиешелүү маалыматтарды берсе, министрлик КР мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду айрым кызматкерлеринин компетентсиздигине токтолуп, Тышкы иштер министрлигинде кадрдык тазалоо жүргүзүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости