www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери болду. Бул тууралуу журналисттерге анын мурдагы партиялашы Тынчтыкбек Шайназаров билдирген.

Саясатчынын айтымында, Бакиров партиянын лидерине башка партияга кетээрин буга чейин билдирген.

“Ал мындан ары “Өнүгүү – Прогресстин” катарында эмес жана жакында бул тууралуу лидерге билдирди. Мен өзүм башка партияга өтпөйм жана өз партиям менен шайлоого барам, анткени мен туруктуу адаммын”, - деп билдирген Шайназаров.

Буга чейин “Мекеним Кыргызстан” партиясына Марлен Маматалиев жана Каныбек Иманалиевдер киришкен. Алар бул темага байланыштуу комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости