www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри депутаттарга даттанды

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев депутаттарга департамент кызматкерлеринин айлыгы аз экенин айтып даттанды.

Казакбаев 2020-жылга карата отчетун берип жатып, жаңы иштеп баштаган дипломат 6 миң сом айлык аларын, ал эми атташенин айлыгы 12 миң сом экенин маалымдады.

Анын айтымында, Казакстанда атташе 21 миң, Тажикстанда 28 миң, Азербайжанда 153 миң сом алат. Ал эми Кыргызстандын атайын элчиси 17 миң сом, Казакстандыкы 58 миң, Тажикстандыкы 40 миң, Азербайжандыкы 208 миң сом алат.

Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматов Казакбаевге жооп берип, премьер-министрге кайрылуу керектигин айтты.

«Биз эмгек акыны көтөрүүгө эки колдоп макулбуз. Бирок мунун бардыгын премьер-министрге айтышыңыз керек. Ал өлкөнүн экономикасын, эмгек акыларды көтөрсүн. Бюджетти бекитүү үчүн алып келсин. Биз колдойбуз», — деди Исхак Пирматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости