www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек ара маселесин чечем деген азаматтар ар кандай сөздөргө чөкпөй алдыга жыла бериши керек», - деди бүгүн, 5-апрелде NazaNews маалымат агенттигине экс-губернатор Мамат Айбалаев.

- Мамат агай, Ворух анклавын алмашуу тууралуу расмий Бишкектин сунушу Тажикстанда эмнеге чоң талкуу жаратып, талкуунун бутасына айланды?

- Анткени, Ворух айылы өтө чоң айыл. Ал эң жакшы жерге жайгашкан. Ворухтуктар жай мезгилинде Тажикстандын Матча районунун тургундары менен дайыма катташып келишкен. Анткени, ал жактагы жол наркотрафиктин жолу болгон. Ошондой эле, Матча районунан мал айдап, Ворухтан Коконго чейин сатып турушкан.

Биз, СССР мезгилинде, тажиктерге бир нече жолу жерибизди берип, Ворухтун территориясын кеңейтип бергенбиз. Ошон үчүн алар оңой менен биздин алмашалы деген сунушубузга көнбөйт.

- Ошон үчүн Ташиевдин чек араны алмашуу менен чечели деген аракети тажиктерге жакпай экс-тышкы иштер министри айбат көрсөтүүгө аракет кылдыбы?

- Тажиктер менен кылымдар бою бирге, бир мамлекетте жашап келген эл элек. Бөлүндүк, эгемендүүлүккө ээ болдук, өзгөрдүк. Ар бир элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы пайда болду. Ал эмес, ар бир адам кызыкчылыгы үчүн күрөшүп, кызыкчылык өзгөчө орун алган заман орноду. Негизи чек ара маселеси 25-30 жыл мурун жеңилирээк чечилмек. Бирок, чечкенге батынышкан эмес.

Ошондуктан, күнөө мурунку бийликтерде. Эң негизгиси чек ара маселесин чечүүгө аракет кылып жаткан биздин бийликтин аракетин колдогонубуз туура. Анткени, чек араны чечебиз деген азаматтардын ар кандай сөздөргө, ой пикирлерге, каршылыктарга туш болот. Угуш керек, анализдеш керек, бирок ал сөздөргө чөкпөй алдыга жыла бериш керек.

- Ворух анклабынын маселесин алмашуусуз чечүүнүн жолу барбы?

- Жолу бар. Биздин чек ара маселесин чечем деп катуу киришип жаткан азаматтар издеш керек, издениши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости