www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Райымбек Матраимовдун камалышына ким кызыктар деген бүдөмүк ой туулат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

--“Кыргызстанда жакынкы аралыкта көптөгөн түрдүү окуялар бат-баттан эле болуп жатат. Ошолордун бири Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимов камалды. Ал боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, саясатташып кетти. Менде ал адам боюча бүдөмүк ой пайда болду. Матраимовдун камалышына ким кызыктар? Эмнеге эле ага асылып алышты деген ойлор. Азыркы учурда мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар камалып жатышат. Бирок камалгандарынан чыккандары көп болууда. Баш-аягы жок окуялар болуп жатат. Камалгандарды тергөө менен иштешти, үй камагында, акча төлөдү деген сөздөр болуп жатат. Мисалы. “Райымбек Матраимовду эки миллиард сом каражат төктү” дешти. Эми сүйлөшүлгөндөн кийин эркектердин сөзү бир болушу шарт. Ошондуктан бир пикирге келишкенден кийин алар аткарышы керек. Же кайрадан анын камалышына жанагы митингге чыккандар себеп болдубу белгисиз. Соттун чечими чыга электе өз билемдикке салган туура эмес. Бул адамга эле асылып калышты. Бир жагынан таң калыштуу болуп жатат. Мен Райымбек Матраимов менен мен баарлашып көргөм. Аны кыргыздын мекенчил уулу катары билем. Биздин таң калганыбыз баарына мыйзам иштебей, ага карата гана мыйзам иштеп жатканы. Азыр канчалаган коррупция менен алектенген адамдар жыргап эркин жүрүшөт. Андыктан аларга карата дагы чара көрүлүшү абзел. Матраимов сыяктуу эл уулдарына бут тосуп жаткан жокпузбу деген ой туулат”, - дейт Талиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости