www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Тышкы миграция жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карады.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздери болбосо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү ченем колдонуудагы «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясында жок.

Ошондуктан, жогорудагы мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен соттолгондорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо сунушталууда.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу менен  мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун да жогорулатууга жетишилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости