www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам боюнча Кыргызстанда аялдар 58 (көп балалуу болсо 53), эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнөн: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Эмилбек Каптагаев, Иса Өмүркулов, Кеңеш Дүйшөбаев пенсия жашында, калгандары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Дүйшөн Чотоновдор пенсия жашына келип калышты. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда ынтымак жок болгондуктан, чаян сыяктуу бири-бири менен кажышып, бири –бирин куугунтуктап келишти. Атамбаев тарабынан Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Эмилбек Каптагаев, Иса Өмүркулов, Кеңеш Дүйшөбаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Дүйшөн Чотоновдор кысымга алынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости