www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык схеманы аныктады. Тактап айтканда Салык кызматы алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн компанияга ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүнөн качууга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, алардын кызыкчылыгын коргоп, өндүрүлгөн товардын чыныгы көлөмүн жашырып келген. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, тергөө ишинин жүрүшүндө Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызмат адамдарынын иш бөлмөлөрүндө, мекеменин райондордогу башкармалыктарында, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн компаниянын заводунда, Бишкек шаарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы кампаларында тинтүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында 100 млн сомдон ашык акчага бааланган 460 миң бөтөлкөдөн ашык алкоголдук товар сатыктан алынды.

Ошондой эле тийиштүү документтери жок алкоголдук товарлар сакталган кампалар жана жеке үйлөр аныкталды.

Учурда табылган алкоголдук товарлардагы акциздик маркалар текшерилип, анын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости