www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 30-октябрдагы чечими менен КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Жумакановго карата 2020-жылдын 29-декабрына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы колдонулду.
Буга чейин УКМКнын коррупция каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында биологиялык продуктуларды, бодо малды жана майда жандыктарды эмдөө үчүн вакциналарды мамлекеттик сатып алууда туруктуу коррупциялык схеманын бетин ачышканы маалымдалган.
КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде иш-аракеттердин жүрүшүндө Мамлекеттик инспекциясынын директору Ж.К.Т. жанажетекчилик кызматтагы бир нече киши кармалган.
Булак: NazarNews.kg