www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кошуш керек экенин билдирди. Бул тууралуу Жапаров Баткендеги иш сапарында айтты.

«Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүп беребиз деген планыбыз бар», - деди Жапаров.

Муну менен бирге Жапаров чек арадагы маселелерди коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү жолу менен чечерин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2-ноябрда Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткенде иш сапары менен жүрөт. Ал Бакай айылына жакын Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолунун курулуш иштерин көрүп чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости