www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 50 000 АКШ долларын опузалап алган укук коргоочу Н.Д.М. кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Тактап айтканда, Н.Д.М. аттуу жаран ар кандай мамлекеттик органдарда жабырлануучунун кызыкчылыгын коргоп, ишеним кат менен иш алып барып, КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдары менен түзүлгөн келишимге таянуу менен кылмыш иши боюнча соттолуучулардын бирин камактан бошотуу шылтоосу аркылуу 50 миң АКШ долларын опузалап алганы аныкталган.

2025-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын жараны Н.Д.М. 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесине киргизилген.

Учурда тергөөнүн алкагында КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдарынын аталган Н.Д.М. тарабынан опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.

Последние новости