www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун прокурору Абай Бекбоевге байланыштуу кайрылуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевге арыз түштү.
Кайрылуу маркум Юсупжанов Араббойдун уулу тарабынан берилген. Ал кайрылуусунда атасынын өлүмүнө байланыштуу жагдайларды кылдат иликтөөнү жана ишти жеке көзөмөлгө алууну өтүнгөн.
Маалыматка караганда, Юсупжанов Араббой Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Ал Базар-Коргон шаардык прокуратурасына “Каныкей” дүкөнүнө байланыштуу маселелер боюнча бир нече жолу чакырылып турган.
Ал 2025-жылдын 17-сентябрында саат 10:11 чамасында прокуратурага барган. Саат 16:00дөр чамасында имараттын ичинде өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Прокуратура кызматкерлери тез жардам чакырган.
Дарыгерлер анын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жеткирилгенден кийин эсине келбей каза болгонун билдиришкен.
Маркум 2025-жылдын 18-сентябрында жерге берилген.
АКИпресс агенттигине 2025-жылдын 15-сентябрында Базар-Коргон шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон маалымат жарыкка чыккан.
Маркум Юсупжанов Араббойдун жакындары иштин акыйкат иликтенишин жана жогорку бийлик органдары тарабынан көзөмөлгө алынуусун талап кылышууда.
Редакциялык эскертүү: Материал “NazarNews” маалымат агенттигинин редакциясына арыз берген жаран тарабынан жөнөтүлгөн.