www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Алиярбек Абжалиевдин кармалганын четке какты

«Мыйзамсыз баюуга» шектелип, чет өлкөдө жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) четке какты. Бул тууралуу атайын кызматтын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева билдирди.

«Тергөө иштери жүрүп жатат. Кармала элек», - деди Кыдыралиева.

Белгилей кетсек буга чейин «Кактус медиа» сайты Абжалиев 27-июнда Кыргызстанга кайтып келери менен чекисттердин колуна түшүп, тергөөгө барганын жазган. Басылма өз булактарына таянып, ал мамлекетке 20 миллион сом төккөнүн белгилеген.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата быйыл мартта Жазык кодексинин 308-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

УКМК Абжалиевди «кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн» деп шек санаган.

Абжалиев өзүнө карата сотко чейинки териштирүү ишин «куру доомат» деп баалаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости