www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөгө беш миллиарддан ашык сом кайтарып берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Көрсөтүлгөн сумманын эки миллиард сому мүлк, үч миллиарддан ашыгы акчалай түрүндө кайтарылган.

"Бул каражаттын бир бөлүгү тергөө амалдары аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөө жыйынтыкталганда толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат", — дешти УКМКдан.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген толуктоолорго ылайык, укук коргоо жана көзөмөл органдары кайтарылган каражатты өз муктаждыгы үчүн колдонууга укугу жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости