www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Азия ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери анын үйүнө келип, бүгүн түштөн кийин суракка алып кетишкен.
"Алар эмне иш үчүн келгенин билбейм. Чакыруу мурда жөнөтүлгөн эмес, алар дароо эле келишти", - деп билдирген Сартпаевдин жубайы.
Эске сала кетсек, Сартбаев аймактар аралык кастыкка шектелген. Белгиленгендей, 6-августта Сартбаевге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (дискровация)" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Булак: NazarNews.kg