www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда «Threads» социалдык тармагында мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды тараткан жаран кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1980-жылы туулган КР жараны А.А.М. кармалган.
Тергөөдө ал «Threads» социалдык тармагында мыйзамсыз мүнөздөгү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү системалуу түрдө жайгаштырып жана таратып келгени аныкталган.
Ошондой эле аталган материалдар коомдук тартиптин бузулушуна жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзүшү мүмкүн экени белгиленди.
УКМКнын маалыматына караганда, А.А.М. буга чейин аныкталган мыйзамсыз мазмундагы жарыялоолорду жайгаштырууга тиешеси бар экенин мойнуна алган.
Учурда кармалган жаран УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
УКМК мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык тармактар аркылуу тиешелүү материалдарды таратууну камтыган аракеттер мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.