www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек ара кызматындагы айрым жетекчилердин коррупциялык иштери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда, УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Тактап айтканда, Чек ара кызматынын айрым жетекчилери калкалаган «Достук унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызмат адамдары чек арадан өткөн өзбек жарандарынан жана жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча опузалап келген.
Бул факт Жазык кодексинин 325-беренесинин (пара алуу) 3-пунктунун 2-бөлүгү менен катталды.
Жыйынтыгында кечээ, 19-октябрда, «Достук унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси А.Э., Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ч.Н., ошондой эле, Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси — Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары К.Б. кармалды. Алар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
«Достук унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси — Аскарбек Эрмекбаев. Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы — Чынарбек Насиев. Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси — Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары — Бекташов Курсанбек Урбаевич.
Булак: NazarNews.kg