www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК эки милиция кызматкерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки милиция кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы системалуу коррупция жана опузалоо менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Такталгандай, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Б.А. жана милициянын капитаны М.Б.Б. жеке баюу максатында алар уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң чечип берүү үчүн жарандан 160 миң сом талап кылышкан.

2024-жылдын 11-июлунда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери опузалап 20 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

2024-жылдын 13-июлунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен М.Б.А. жана М.Б.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш жасаган деген шек менен тергөө камак жайдын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости