www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция фактысы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-мартында УКМК ККК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. кармалды.

Такталгандай, ЭККМК кызматкерлери, кызматтык абалынан пайдаланышып, жарандар менен сүйлөшүп алышып, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан. Ушул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынан 59,5 миллиард сом сыртка ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон.

Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан. Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости