www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызматкерлерге эскирген кызматтык унааларды сатып алууда артыкчылык берүү сунушталды.

УКМКнын маалыматына караганда, маморгандарда колдонулбай калган же автопарк жаңыланып жаткандыктан сатууга чыгарылган транспорт каражаттары бар. Мыйзам боюнча мындай унаалар электрондук аукцион аркылуу же башка белгиленген тартип менен сатылышы керек. Атайын кызмат дал ушул унааларды сатуу тартибине кошумча механизм киргизүүнү сунуштоодо.

Негизги жагдайлар:

Мамлекеттик орган кызматтык унааны өз кызматкерлерине сатуу боюнча өтүнүч менен кайрылат. Сатып алууну каалаган кызматкерлердин арасынан кезек түзүлүп, унаа ошого жараша сунушталат.

Унаанын наркы базар баасы менен аныкталат. Аны көз карандысыз баалоочу белгилейт. Арзандатылган же жеңилдетилген баа каралбайт.

Кезекте турган кызматкерлердин баары унааны сатып алуудан баш тарткан учурда гана көлүк электрондук аукционго чыгарылат.

Мындай механизм айрым учурларда мамлекеттик органдардын автопаркын тезирээк жаңылоого мүмкүнчүлүк берери белгиленген.

Последние новости