www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схеманы аныктады.

Өткөрүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЖОЖдун айрым окутуучулары  финансылык пайда табуу максатында окуу мезгилинде  Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн чет өлкөлүк студенттерге акчалай сыйлык үчүн экзамендик журналдарына жана башка тийиштүү кагаздарга тиешелүү бааларды коюп беришкен.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аталган ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ден  эч жака кетпөө жөнүндө колкат алынып,  ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости