www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жетекчилиги «С.З.Т.» тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарына жасалма буйруктардын негизинде турак-жай куруу үчүн жер тилкелери трансформациясыз берилген.

Ага карабастан «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында, жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.

Материалдар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын башчысы «С.З.Т.» Джалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости