www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМкдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Примбердиев YouTube’дагы «Айран» каналына курган маегинде айткан сөздөрү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (улуттар аралык касыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон. Ага эч жакка кетпөө түрүндө бөгөт чарасы колдонулган.
УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.
Эскерте кетсек, буга чейин казакстандык «Айран» YouTube каналына кыргыз-казак алакасы тууралуу берүү чыккан. Анда казак ханы Кенесарынын өлүмү тууралуу маселе да көтөрүлгөн. Кайрат Примбердиев Кенесарынын өлүмү жөнүндө суроого Ормон хан аны өлтүрүүгө аргасыз болгонун айтып, андай окуя болгону үчүн өз атынан казак элинен кечирим сураган. Ырчынын кечирим сураганы Кыргызстанда элдин сынына кабылган.