www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды сатуу максатында ташып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февралда Жайыл РИИБге белгисиз адамдардан түштүк региондорунан Чүй облусунун аймагына өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды сатуу максатында ташып келе жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Чүй ОИИБ менен УКМК биргеликте 9-февралда Жайыл районунун Сосновка айылындагы «Толкун-1» стационардык постунда «Тойота-Эстима» унаасын токтотуп, андан салмагы 1,5 кг гашиш, 18,1кг марихуана баңги заттарын табышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар деп унаадагы үч жаран аныкталган. Алар 1980-жылы туулган М.Э., 1990-жылы туулган К.С. жана 1986-жылы туулган Б.Ж. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Аталган факты боюнча бардык зарыл болгон соттук — укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Последние новости