www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ жакын арада Россияга каршы санкцияларды алып салбайт, себеби бул чечимди президент Дональд Трамп өз алдынча кабыл ала албайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине түрк саясий талдоочу Үмит Назми Хазыр билдирди.
Трамптын Украиндагы атайын өкүлү Кит Келлог мурдараак АКШ лидери Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр экенин, бул "Украинадагы конфликтти бүтүрүү" максатын көздөй турганын айткан.
"Мен Россияга каршы санкциялар жакын арада алынып салынат деп ойлобойм, анткени биринчи чечилиши керек болгон башка маселелер бар: Украинанын НАТОго мүчөлүк перспективалары, Украинага коопсуздук кепилдиктери кантип берилет, Украинага тынчтык күчтөрү жиберилеби, чек аралар кандайча аныкталат ж.б. Андан тышкары, АКШ Россияга көптөгөн тармактарда санкциялар киргизген. Бул санкцияларды алып салуу үчүн АКШ Конгрессинин макулдугу талап кылынат, жана Трамп бул чечимди өз алдынча кабыл ала албайт. Ошондуктан Россия менен АКШ лидерлеринин мүмкүн болгон жолугушуусу санкциялар дароо алынып салынат дегенди түшүндүрбөйт", – деп билдирди агенттиктин маектеши.
Мурдараак Россиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти менен эки тарап үчүн маанилүү болгон бардык маселелер боюнча тынч сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Ал эми Трамп Путин менен дароо жолугушууну каалаарын айткан.
Ошол эле учурда Путин январда РФ Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен болгон жыйында Украиндагы конфликтти жөнгө салуунун максаты убактылуу тыныгуу же куралданууну жаңыртуу эмес, узак мөөнөттүү тынчтык болушу керектигин белгилеген. Анын айтымында, Россиянын бийлиги орус элинин кызыкчылыктары үчүн күрөшүн улантат. Украинадагы тынчтык бардык элдердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек экенин белгилеген.