www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан кармалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы 21-августта каралып, Биринчи май райондук соту аны 21-октябрга чейин камакта калтырган. Мовлаев УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

УКМКнын маалыматы боюнча, 28 жаштагы Мовлаев — радикалдык идеологияны карманган адам. Ал 2022-жылдын 16-августунда Россия тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Шектүү 20-августта Ысык-Көлдө кармалган.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Мовлаев Кыргызстанга Сириядагы эл аралык диний-экстремисттик уюмдун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен келип, аталган уюмдун өлкөдөгү «көмүскө» тобуна кирген мурда соттолгон жарандары менен бирге колунда бар адамдарды карактоону көздөгөн. Каракталган акча диний-экстремисттик уюмду каржылоого жумшалмак.

«Кармалган жаран 2023-жылдын январь айында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу Россиянын жаранынын атындагы жасалма паспортту колдонуп, Кыргызстандын аймагында жүргөн», — деп билдирген УКМК.

VC.RU сайтындагы маалыматка ылайык, Мансур Мовлаев — Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун бийлигин сындаган активисттердин бири. Ал 2020-жылы саясий-диний негизде жана бийликти сындаганы үчүн жасалма иш боюнча 3 жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок андан кийин полициянын кызматкерлери тарабынан «уурдалып», алардан качып кетүүгө жетишкен.

Кыргызстандык укук коргоочулар билдиргендей, Мансур Мовлаев Россияда кыйноого кабылып келген. Ал кыйноого кабылышы мүмкүн болгондуктан Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары аны Россияга экстрадициялабашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости