www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 миллиард 424 миллион 379 миң сомго жетти. Анын бир миллиард 220 миллион 42 миң сому өндүрүлүп, Бирдиктүү депозиттик эсепке 477 миллион 900 миң сом которулду. Бул тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматынын жетекчисинин орун басары Талантбек Кожонов 5-июнда парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди.

"Жалпысынан 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 410у - кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы, 104ү “Пара талап кылуу”, “Пара алуу”, 35и “Коррупция” беренелери менен козголуп аныкталган. Коррупциялык иштердин дээрлик көбү ички иштер органдарында - 106, Мамлекеттик каттоо кызматында - 104, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - 94, Мамлекеттик бажы кызматында - 59, Мамлекеттик салык кызматында - 44, сот органдарында - 37 кылмыш аныкталган”,-деген.

Талантбек Кожоновдун айтымында, соңку үч жыл ичинде коомчулукта резононс жараткан иштер да ашкереленди.

“Эң чоңу ЖЭБ боюнча коррупцияга байланыштуу. Бир топ мамлекеттик кызматкерлер соттолуп, алардын иши Жогорку сотто каралып жатат. Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар менен кармалды”, - деди ал.

“Республика - Ата Журт” фракциясы кечээ, 5-июндагы жыйынында фракция депутаттары сунуш кылып, кабыл алынган мыйзамдардын жана 2018-2020-жылдар аралыгындагы чечимдердин аткарылышын талкуулады. Аларды ишке ашыруу багытында өкмөт өкүлдөрүнүн маалыматы угулду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости