www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү алкагында КР жарандары К.Б.Ш. (КР ЖК Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары) жана А.Т.Н. тарабынан 200 миң АКШ долларын алуу фактысы аныкталды. Аталган жарандар алдын ала макулдашуу боюнча бизнес өкүлдөрүнүн биринин ишенимине кирип, КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев менен тыгыз байланышы бар экенин айтып, алдамчылык жолу менен КР УКМК тарабынан кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң АКШ долларын алышкан.
Ошол эле учурда 2025-жылдын 10-октябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган К.Б.Ш. жана А.Т.Н. кармалып, КР ЖПКнын 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.