www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-май саат 15:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч бойдон калууда, деп билдирди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
Кошумча күчтөрдү жана техниканы чек арадан алардын туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузуу менен, коңшу тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен чек ара тилкесине алып чыгууну улантууда.
Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылынын аймагында тажик тарап мезгил-мезгили менен өтүп бара жаткан унааларды аткылап жатат.
Саат 13:35те төраганын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти.
Булак: NazarNews.kg