www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан ири суммадагы акча чыгарууга байланышкан коррупциялык схема аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалымат боюнча, мекемедеги жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдар тарабынан 2020-жылдын май айынан тарта 2021-жылдын апрелине чейин «АтомГрупп» жана «Генезис Плюс» ЖЧКлардын дарегине 500 млн сомдон ашык акча которулган. Бул товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү жана кызмат үчүн экени көрсөтүлгөн. Муну менен катар «Кыргыз темир жолу» көрсөтүлгөн убакытта аталган компаниялар менен келишим түзбөгөнү белгилүү болду.

Учурда келтирилген зыянды тактоо иштери улантылып жатат.

Бул иштин алкагында 18-майда «Кыргыз темир жолу» мекемесинин финансы департаментинин башчысы К.Б.Т., 2 ЖЧКнын жетекчиси А.А.И. жана М.Г.Р., «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башчысы болгон Д.В.А.нын (Василий Дашков) уулу Д.Д.В. кармалган.

Кечээ, 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик компаниясынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковдун баш коргоо чарасын карады. Анын жыйынтыгында Дашков 18-июлга чейин үй камагына алынды.

Биринчи май райондук соту билдиргендей, Дашков Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышка (адамдардын тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости