www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары кыргыз тарап Centerra Gold Inc. менен дүлөй, дудук адамга окшоп сүйлөшпөй, чыныгы өнөктөш катары иштейт. Бул тууралуу «Кумтөр голд» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кыргыз өкмөтү жана «Кыргыз алтын» ишканасы аябай чоң зыян тарткан. Учурда Centerra Gold Inc. менен чырда Кыргызстандын таламын талашуу боюнча АКШдан, Канададан келген юристтер иштеп жатат.

«Азыр биз Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого даярбыз. Аларга мамлекеттик комиссия аныктаган доону коёбуз. Мындан ары канадалык компания менен чыныгы өнөктөштүк мамиледе иштейбиз. Эгерде Centerra ачык-айкын, Кыргызстандын мыйзамдарын жана эл аралык стандартты сактап иштей турган болсо, алар менен дени сак адам дудук, дүлөйгө окшоп сүйлөшкөндөй практиканы токтотобуз. Centerra акыр аягы келип биздин сөзүбүздү угуп, кол шилтеп кетпей тургандай кылабыз», — деди Бөлтүрүк.

Ошондой эле, ал кыргыз тараптын сунуштарын четке кага турган убакыт өткөнүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости