www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште маалымат жыйынын өткөрдү. Ал «Кумтөр Голд Компаниге» салынган 1 млрд. 166 млн. доллар салыктын таржымалын түшүндүрүп берди.

Жапаровдун айтуусунда 1 млрд. 166 млн. доллар «Кумтөр Голд Компани» «Центеррага» которгон дивиденддерден алынбай калган салык.

«Кыргызстанда чет мамлекеттен келген жаран же компания иштеп киреше тапса, кирешени чыгарып баратканда 10 пайыз салык төлөйт. Муну салык инспектору 2017-2018-жылы текшерип жатканда эле байкаптыр. Бирок, «Кумтөр Голд Компани» дивиденддерди «Центеррага» жиберип жатканда салык төлөбөйт. Келишимге «ички акча жүгүртүүлөр», «үчүнчү жак» деп жазып койгон экен, ошого таянып төлөбөй келген.

Биздикилер «макул» дей берген экен. Ал эми Канададан «Центерра» компаниясы «Кыргызалтындын» 26 пайыз акциясы үчүн 84 млн. доллар дивиденд төлөгөндө 5 пайыз салык кармап калыптыр. Салык инспектору Кыргызстандагы «Кумтөр Голд» компани силерге дивиденд которгондо салык кармабайбыз, силер кожоюнуңар «Кыргызалтынга» дивиденд берсе салык кармайсыңар деп 10 пайыз салык боюнча акт жазыптыр. «Кумтөр Голд Компани» 1 млрд. 328 млн. доллар дивидендди Торонтого «Центеррага» которгон экен. Ошого 10 пайыз салыкты салдык. Ал 138 млн. доллар болот, ага үстөк жана айып пулдарды кошкондо 1 млрд. 166 млн. доллар. Салык инспекциясынын текшерүүсү бүттү. 17-майда актыны «Кумтөр Голд Компаниге» бердик. Макул болсоңор төлөп бергиле, болбосо сотко кайрылгыла дедик».

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Министрлер кабинети 17-майда «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу киргизип, алтын кендеги өндүрүштү көзөмөлүнө алды.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости