www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын менеджерлери Кумтөрдө автоматташтырылган башкаруу тутумун жаап салышкан. Бул тууралуу маалымат жыйында «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын тыштан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, 15-майда бардык тутум жабылган.

«Бизде бул Centerra Gold Inc. компаниясы жасаган деп айтууга негиз жана факты да бар. Бардык маалымат базасы булутка өткөрүлүп берилген жана Түндүк Американын серверлеринде жайгашкан. Бардык бухгалтерия, сатып алуулар булутта. Кеңселердеги жана кендеги компьютерлерде дээрлик эч нерсе жок.

Биз кайра камсыздандырылган эмеспиз, маалыматтардын көчүрмөсү болгон эмес. Мунун жетекчиси Пол Янг болгон. 1,5 жыл мурда маалыматтар чет өлкөгө чыгарылып кеткен. Бул компаниянын алсыз жери болгон», - деди ал.

Бөлтүрүктүн айтымында, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынын ишин киргизүү керек.

«Болгон окуя боюнча биз протокол түздүк. Бардык адистер кол коюп беришти», - деп кошумчалады ал.

«Кумтөрдү» тыштан башкаруучусу биринчи кезекте автоматташтырылган башкаруу тутумун киргизүү керек деди. Буга байланыштуу заманбап тутум киргизилет. Тутум жергиликтүү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости