www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын мурдагы башчысы июлга чейин камакта калтырылды

Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев УКМКнын абагында 25-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.

Баш коргоо чарасын узартуу чечими бүгүн кабыл алынган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатканын кабарлаган. Көбү атайын кызматтагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жерлерди мыйзамсыз алууга байланыштуу.

Эске салсак, Сегизбаев президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон эки жума өткөндөн кийин, 25-январда, кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости