www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерин Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен акча талап кылгандыгы үчүн кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу жана аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен акча талап кылуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныктады.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен ар биринен 4000 сомдон 5000 сомго чейин мыйзамсыз түрдө акча талап кылышкан. Чогултулган акча каражаттары аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүчү инспекторуна берилет деп айтылган.

Жогоруда айтылган ишке тиешеси бар адамдардын кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда 68 000 сом өлчөмүндөгү накталай акча, ошондой эле Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин (мектептер жана бала бакчалар) тизмеси, анда каражаттардын которулушу жөнүндө белги коюлган жазуу бар экени аныкталып, алынды. 

2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Т.У.С. кармалып, соттун чечими менен тергөө учурунда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК жогоруда айтылган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

 

 

Последние новости